I бөлүк

Жалпы жоболор

  • . Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайы (мындан ары -Ы.Туманов атындагы ММОЖ) 1976-жылдын август айынан тартып Кыргызстан КП Ысык-Көл обкомунун, облисполкомдун жана Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин, СССРдин жогорку жана орто кесиптик билим берүү Министрлигинин макулдашылган сунушу менен Кыргыз ССРнин Министрлер Кенешинин 1976-жылдын 30-июлундагы №374 «а» Токтомунун негизинде иштеп келе жатат.
  • . Ы.Туманов атындагы ММОЖ — кыргыз тилинде толук аталышы – Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайы — мекемеси. Орус тилинде — учреждение-   Государственное музыкальное училиүе имени Ыбрая Туманова города Каракол, гуманитардык билим берүүдөгү кесиптик билим берүү программасынын биринчи деңгээлин ишке ашыруудагы   кесиптик окуу жайы болуп саналат жана атайын орто билимдүү адистерди даярдоону ишке ашырат.
  • . Музыкалык окуу жайы юридикалык жак болуп эсептелинет. Өздүк балансы, мүлкү, энчилүү счету, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдериндеги өзүнүн жана уюмдаштыруучунун аталышы менен бланкы, штампы, тегерек мөөрү жана Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн мөөрү болот. Өз алдынча Уставдын негизинде иш жүргүзүп жаткан субьект болуп саналат жана юридикалык жак катары укуктарга ээ. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Гебзе көчөсү 120, тел, факс 03922 5-30-08.
  • . Музыкалык окуу жайы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында болуп, жогорку билим берүүнүн көп баскычтуу системасынын звеносу, өзүнүн иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз   Республикасынын атайын орто окуу жайларынын жобосуна жана башка нормативдүү башкаруу органдарынын актыларына ылайык жүргүзөт жана сапаттуу адистерди чыгарууда коом жана мамлекет алдында жоопкерчиликти алып жүрөт.
  • . Окуу жайдын негизги максаттары:

а) кесиптик билим алууда калктын калың катмарындагы инсандын кызыгуусу, мүмкүнчүлүгү жана жөндөмдүүлүгүнө ылайык    кесипке ээ болуу талабын канаттандыруу;

б) адистиги боюнча керектүү теориялык билимге жана практикалык көндүмгө (навык) ээ болгон атайын орто билимдүү квалификациялуу адистерди даярдоо;

в) студенттерге кесипке ээ болуу шарттарын түзүү.

1.6. Окуу жай орто билимдүү жана башка окуу жайды бүткөн диплому бар студенттерди бюджеттик негизде өндүрүштөн бошотуу менен төмөндөгү адистиктер боюнча окутат.

070102 — Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча-фортепиано, элдик аспаптар, үйлөмө жана урма аспаптар).

070104 —   Вокалдык искусство.

070106 —   Хордун дирижеру

070113 —   Музыканын теориясы

070109- Эстраданын музыкалык искусствосу (түрлөрү       боюнча)

   070201   — Актердук чеберчилик

1.7. Музыкалык окуу жайдын мугалимдери, кызматкерлери жана студенттери Уставдын талаптарын аткарышат, администрация тарабынан түзүлгөн Жамааттык келишимде көрсөтүлгөн эмгек тартибин сакташат.

II бөлүк

Окуу жайдын максаттары жана милдеттери.

   2.1.  Адистерди даярдоо иши 3 жыл 10 ай аралыгында жүргүзүлөт.

Окуу жайдын негизги милдети маданият жана искусство боюнча билим берүү тармактарына көмөк көрсөтүү.

2.2. Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык мамлекеттик тапшырмалардын жана контролдук көрсөткүчтөрдүн чегинде студенттерди кабыл алып, мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде орто кесиптик билим берүүнү ишке ашыруу окуу жайдын негизги максаты.

2.3. Окуу жайдын башка максаттары жана милдеттери.

  1. Маданият жана искусство тармактарында жалпы кесиптик билим берүү аркылуу инсандардын интеллектуалдык, маданий жана адеп -ахлактык өнүгүүгө болгон муктаждыгын канааттандыруу.
  2. Коомду жана мамлекетти орто билимдүү квалификациялуу адистер менен камсыздоо.
  3. Студенттерге маданият жана искусство тармагында тандап алган адистиктерин кесиптик билим берүү программасынын негизинде өздөштүрүүгө шарт түзүп берүү.
  4. Студенттердин чыгармачылык иштерине жана жеке өнүгүүсүнө шарттарды түзүп берүү.
  5. Таланттуу жана жөндөмдүү студенттерди табуу жана чыгармачылыгынын өсүшүнө көмөк көрсөтүү.
  6. Студенттерди руханий, адеп-ахлактык, мекенчилдик, эмгекке тарбиялоо.

— жарандык позициясын, эмгекчилдигин, жоопкерчилигин, чыгармачылык жигердүүлүгүн калыптандыруу.

  — сергек жана коопсуз жашоо маданиятын калыптандыруу.

  — жалпы жүрүм турум маданиятын калыптандыруу.

  1. Иш чөйрөсүндө белгиленген усулдук иштерди жүзөгө ашыруу аркылуу маданий билим берүү мейкиндигин камсыздоо.

 Окуу жайга кабыл алуу, окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү жана ошондой эле кошумча адистигин алуу иштери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  бекитилген токтомунун эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

2.4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин   тарабынан коюлган тартипке ылайык студенттер стипендия менен камсыз болушат.

 Окуу жайдын студенттерине студенттик билет жана зачеттук китепче берилет.

Окуу жайы негизги максаттарга ылайык төмөндөгү иш чараларды жүзөгө ашырат:

1.Орто кесиптик билим берүү программасындагы искусство жаатындагы билим берүү программасын ишке ашырат.

2.Орто кесиптик билим берүү программасындагы искусство жаатындагы билим берүү программасы менен жалпы орто билим берүү программасын жуурулуштуруп окутууну камсыз кылуу.

  1. Балдар жана жаштар үчүн искусство жаатындагы кошумча кесиптик программалардын өнүгүүсүн камсыз кылуу.
  2. Искусство тармагында кесиптик билим берүүнү жогорулатуу жана кайра даярдоо программаларын ишке ашыруу.
  3. Мүмкүнчүлүктөрү чектелген студенттери үчүн негизги кесиптик билим берүү программаларынын негизинде ылайыкташтырылган искусство жаатындагы программаларды ишке ашыруу.
  4. Студенттерге тамактанууга шарт түзүү.
  5. Билим берүүнүн сапатын, билим берүү тутумун жана билим берүү ишин ресурстук жана маалыматтык – аналитикалык, усулдук жактан камсыздоо.
  6. Музыкалык искусство жаатындагы билим берүүгө эксперттик иш жүргүзүү.
  7. Белгиленген иш чөйрөсүндө усулдук иш жүргүзүү.
  8. Окуу жайдын студенттеринин, окутуучуларынын жана концертмейстерлеринин шаардык, областтык, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги фестивалдарга, кароо сынактарга жана башка иш чараларга катышуусун уюштуруу жана камсыздоо.
  9. Концерттик программаларды жана башка көңүл ачуу иш чараларды түзүү боюнча иш жүргүзүү.

2.5. Окуу жай төмөндөгү иш чараларды жүргүзөт:

  1. Балдар жана чоңдор үчүн билим берүүнү жана билим берүүнүн башка түрлөрүн уюштурат.
  2. Окуу жайдын студенттери жана кызматкерлери үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнү уюштурат.
  3. Маданий -массалык иш чараларды уюштурат жана өткөрөт.

4.Студенттердин укуктары: өзүн-өзү башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого, окуу жайдын маанилүү иштерин чечүүгө катышууга, окуу планынын чегинде кесиптик окууну тандоого, окуу планынын чегинде билим алууга, жекече график менен окууга, алдын ала өзүнчө предметтерден экзамен тапшырууга, окуу жайдагы жана башка окуу жайларындагы  кошумча ченемден ашкан окуу планындагы факультативдик сабактарга катышууга, имарат, жабдыктар, аспаптар, китепкана жана  фонотека, сахналык (улуттук) кийимдерди акысыз пайдаланууга,  кароо-сынактарга катышууга, элге  акы төлөнүүчү кызмат  (концерт) көрсөтүүгө.

Коюлган Мыйзамдын тартибинде Куралдуу күчтөргө чакырылганда (4-курстун студенттери) окуу мөөнөтүн узартууга (кундүзгү окутуу формасында) укуктуу, өзүнүн адамдык кадырын коргоого укуктуу, көз карашын, ынанымын эркин айтууга, окуу жайдын администрациясынын чечимине макул болбосо мамлекеттик билим берүү башкармалыгынын органдарына жана административдик органдарга кайрылууга, музыкалык окуу жайын аяктагандан кийин кызмат алууга укуктуу.

2.6. Студенттердин милдеттери:

а) билим берүү стандартынын талабынын денгээлинде билимге жана практикалык көндүмгө ээ болуу.

б) окуу планынын жана программанын негизинде каралган тапшырманын бардык түрүн коюлган мөөнөтүндө аткаруу.

в) Ы. Туманов атындагы  мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Уставын жана ички тартип эрежелерин сактоо.

г) окуудагы, эмгектеги жана башка иш чаралардагы жетишкендиги үчүн студенттерге материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү.

2.7. Окуу планын аткарбагандыгы жана одоно тартип бузгандыгы үчүн студенттерге   окуу жайдан чыгарылганга чейин таасирлүү тартип чаралары колдонулат.

2.8. Окуу жайдын окуу план -программаларынын бардык талаптарын аткарган студенттерге бүтүрүүчү адистердин билимин, жөндөмүн баалоо максатында окуу жайда түзүлгөн квалификациялык комиссиянын чечими менен алган адистигине ылайык квалификация ыйгарылат. Окуу жайды аяктагандыгына байланыштуу билими жана квалификациясы тууралуу документ берилет. Окуу предметтеринен 25% тен ашык эмес «4» алган жана башка предметтерден «5» алган студенттерге, ошондой эле алардын билимин, жөндөмүн коюлган окуу планынын   текшерүү формасынын жыйынтыгы менен артыкчылык диплому берилет.

2.9. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу окуу жайдын администрациясынын, Ысык-Көл жана Нарын облусунун райондук маданият бөлүмдөрүнүн бекитилген комиссиясынын негизинде жүргүзүлөт.

2.10. Ваканттык орундарды окутуучулук кадрлар менен толуктоого атайы предмет боюнча жогорку билимдүү адамдар алынат, ал эми концертмейстерлик класска жана факультативдик сабактарга атайы орто музыкалык билими бар адамдар алынат.

2.11. Окуу жайдын окутуучуларынын укуктары:

  а) өзүн-өзү башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;

    б) окуу жайдын иштериндеги маанилү маселелерди чечүүгө жана чечүү иштерине катышууга;

    в) студенттерди окутууда жана тарбиялоодо өз алдынча сабакты өтүү формасын, ыкмасын, усулун аныктоого, окутууда эксперименталдык методторду пайдаланууга;

   г) 36-педагогикалык же 48-концертмейстрлик сааттык жумага жана 48 күндүк акы төлөнүүчү өргүүгө;

  д) өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө ылайык материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз болууга;

  е) окуу жайдын бекитилген Уставынын негизинде имаратты, музыкалык аспаптарды, улуттук жана башка костюмдарды акысыз пайдаланууга, фонотека, китепкана жана башка бөлүмдөр тарабынан тейленүүгө;

  ж) окуу жайдын администрациясынын коюлган мыйзам чыгаруу тартибинин негизиндеги буйрук жана тескемелерге нааразычылыгын билдирүүгө.

2.12. Окутуучулар бир эле мезгилде аткарган кызматына   кошумча кызмат шарттарынын милдеттерин аткара алат.

а) циклдердин башчылыгынын, педагогикалык практиканын башчылыгынын, класс жетекчиликтин.

б) негизги иштеген жериндеги   педагогикалык кызматын бир эле мезгилде башка окуу жайларында да өтөөгө болот, административдик башкаруу курамында ошондой эле ээлеген кызматына кошумча педагогикалык иштерди аткарууга болот.

2.13. Окуу жайдын окуутуучулары жана окуудагы көмөкчү кызматкерлердин милдеттери:

      а) мамлекеттик стандарттын талабынын денгээлинде студенттердин окуу программасын өздөштүүрүүсүн камсыз кылууга.

б) студенттердин өз алдынчалуулугун, чыгармачыл жөндөмдүүлүгун өнүктүрүүгө, жогорку адеп — ахлак нормаларын үйрөтүүгө.

в) окуу жайдын Уставынын нормаларын бузган кызматкерлерге  Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жаза, чаралар колдонулат.

2.14. Педагогикалык чыгармачылыктын жыйынтыгын баалоо максатында мезгили менен (3 жылда 1 жолу) окутуучуларды, концертмейстерлерди жана жетектөөчү кызматкерлерди аттестациялоо жүргүзүлөт.

2.15. Музыкалык окуу жайынын курамында төмөнкү бөлүмдөр бар:

— фортепиано

— музыканын теориясы

— эл аспаптары (баян, аккордеон, гитара).

— кыргыз эл аспаптары

— хордун дирижеру

— ырдоо

— үйлөмө жана урма аспаптар

— эстрадалык музыка искусствосу

— актердук чеберчилик

— усулдук бирикме

— окуу залы жана фонетекасы менен китепкана

— чоң концерттик зал

— кичине концерттик зал.

2.16. Окуу жайдын окуу-көмөкчү жана административдик-чарбалык персоналдардын штаттык кызматтары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан бекитилген штаттык ирээтке ылайык коюлат.

2.17. Окуу-көмөкчү жана административдик-чарбалык персоналдарды кызматка дайындоо директор тарабынан жүргүзүлөт.

Башкы бухгалтер, окуу өндүрүштүк иштери боюнча директордун орун басары директордун сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тарабынан дайындалат.

2.18. Музыкалык окуу жайында иш кагаздары, архив, финансылык   жана статистикалык эсеп-кысабы жүргүзүлөт.

 

 

 

 

III бөлүк

Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы мамлекеттик

музыкалык окуу жайына кабыл алуу эрежелери

3.1. Окуу жай Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү мыйзамына жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык усулдук административдик иш-чараларды жүзөөгө ашырууга, жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга, кабыл алууда автономияга ээ.

3.2. Окуу жай башка мекеме уюмдар, экономикалык ишмердүүлүктүн бардык чөйрөсүндөгү жарандар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде мамиле түзөт. Окуу жай Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген келишимдердин формаларын эркин тандоого ээ.

3.3. Белгиленген иш чөйрөдө окуу жайдын компетенциясы төмөндөгүлөрдү камтыйт:

1.Студенттер үчүн ички эрежелерди жүрүм турум эрежелерин, ички эмгек тартибин жана башка жергиликтүү эрежелерди иштеп чыгат жана кабыл алат.

2.Имараттарды санитардык нормага жана билим берүү стандартына ылайык жабдыйт. Материалдык техникалык жактан камсыз кылат.

  1. Кызматкелерди жумушка алууну алар менен эмгек келишимин түзүүнү жана токтотууну, кызматчыларга эмгек шарттарды түзүүнү жана жумуш милдеттерин бөлүштүрүүнү камсыздайт.
  2. Окуу жайдын билим берүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүү.
  3. Окуу жайга студенттерди кабыл алуу:

 Окуу жайга-абитуриент катар негизги орто билими же жалпы орто билими, же башталгыч кесиптик билими бар жарандар кабыл алынат. Кыргыз    Республикасынын   жарандары, чет   өлкөлөрдөгү кыргыз улутундагы жарандар, Кыргыз   Республикасында жашаган чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар окуу жайга сынактык негизде акысыз кесиптик орто билим алууга акылуу. Башка мамлекеттердин жарандары мамлекеттер, Өкмөттөр, ведомстволор аралык келишимдерге ылайык акысыз окууга кабыл алынат. Абитуриент      окуу    жайдын уставы менен, кабыл алуу эрежелери, ошондой эле кирүү сынактарынын программалары жана башка зарыл маалыматтар менен таанышууга акылуу.

Кабыл алууда окуу жайы Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген билим алууга болгон жарандардын укуктарын сактоону тегине, улутуна, жынысына, тилине, социалдык абалына, динге болгон ишенимине жана мамилесине, партияга тиешелүүлүгүнө, окуу мекемесин бүтүргөн убагына карабастан камсыз кылат.

Окуу жайга кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгы менен макулдашылат.

 

Документтерди кабыл алуу тартиби.

3.4. Окуу жайга кабыл алуу   жарандардын жеке арызы боюнча

жүргүзүлөт.

    Окуу жайга тапшыруу үчүн документтер: мөөнөтү көрсөтүлүү

менен берилген абитуриенттин арызы.

Арызга төмөнкүлөр тиркелет:

  1. Билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документи (түп нускасы).
  2. № 086У формасындагы медициналык справка.
  3. 3х4 өлчөмүндөгү 4 сүрөт.
  4. Арызы.

Окуу   жайга    тапшыруучулар   өздүгүн   жана жарандыгын

аныктоочу паспортун же башка документтерин, аскердик билетин приписной күбөлүгүн көргөзүүгө тийиштүү.

Кирүү сыноолору

3.5. Окуу   жайга   тапшыруу   үчүн   башкы   чен   өлчөм болуп

тапшыруучунун билим денгээли жана жөндөмдүүлүгү эсептелинет, аны аныктоо үчүн кирүү сыноолору өткөрүлөт.

Кирүү сыноолору бланкалык тестирлөө формасында

өткөрүлөт, ошондой эле атайын сабактар боюнча угуу жүргүзүлөт. Окуу жайга тапшыруучулар кирүү сыноолорун мамлекеттик же расмий тилде тапшырууну тандоого укугу бар.

Музыкалык билими бар абитуриенттер төмөнкү кирүү сыноолорунан өтүшөт:

  1. Адистик (жеке программаны аткаруу);
  2. Сольфеджио жана музыкалык сабаттуулук (жат жазуу);
  3. Милдеттүү аткарыла турган фортепиано же баян (угуу);
  4. Кыргыз же орус тили (тестирлөө);

     Музыкалык билими жок абитуриенттер төмөнкү кирүү              сыноолорунан    өтүшөт:

  1. Адистиги (угуу, эске тутуу, ритм).
  2. Кыргыз же орус тили (тестирлөө).

Кирүү сыноолору негизги жалпы жана орто жалпы билимдин

окуу программаларына ылайык өткөрүлөт.

3.6. Кирүү сыноолоруна   жүйөөсүз себептер менен келбей калган,

канааттандырарлык эмес баа алган абитуриенттер музыкалык окуу жайына тапшыруу сынагына кабыл алынбайт.

Бирдиктүү    талаптарды   сактоону     камсыз   кылуу   жана предметтер боюнча тапшырмаларды жана суроолордуу баалоодогу талаш маселелерди чечүү окуу жайга тапшыруучулардын укугун коргоо максатында тиешелүү предметтер боюнча аппеляциялык комиссия түзүлөт.

3.7. Аппеляция      жөнүндөгү     абитуриенттердин арызы кирүү

сыноолорунун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бир сутканын ичинде берилет жана аппеляциялык комиссия тарабынан арыз берүүчүнүн катышуусу менен каралат.

    Аппеляциянын     каралышы    кайра экзамен өткөрүү болуп эсептелбейт. Аппеляцияны кароонун жүрүшүндө кирүү сыноолору боюнча коюлган баанын тууралыгы гана текшерилет.

Кирүү сыноолорун кайра тапшырууга жол берилбейт.

3.8. Эсепке алуу тапшыруучунун кирүү сыноолорунда                                                                       конкурстук негизде кабыл алуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.

   Өтүү үчүн зарыл болгон баллдын саны окуу жайдын кабыл        алуу комиссиясы тарабынан аныкталат. Окуу жайга сынактан тышкары төмөнкү абитуриенттер эсепке алынат: жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар, врачтык-эксперттик комиссиянын жыйынтыгы боюнча музыкалык окуу жайында окууга боло турган биринчи жана экинчи топтогу майыптар, артыкчылык билими тууралуу документи (күбөлүк, аттестат, дипломдор) барлар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети  тарабынан белгиленген жеңилдиктерге укугу бар, бошотулган аскер кызматчылары кабыл алынат.

3.9. Атайын орто жана жогорку музыкалык билими бар башка адисттикке өтүүнү каалаган талапкерге предметтердеги бардык айырмачылыктарды эске алуу менен, 3 жылдык мөөнөткө мөөнөтүнөн мурда бүтүрүүгө уруксат берилет.

3.10. Музыкалык окуу жайы кошумча жеңилдиктерди белгилөөгө жана кирүү экзамендерисиз республикалык жана областтык жаш аткаруучулардын кароо-сынактарында байгелүү орундарды ээлегендерди кабыл алууга укуктуу. Балдар музыкалык мектебин артыкчылык менен аяктагандыгы тууралуу күбөлүгү бар абитуриенттер адистиги боюнча экзамен тапшырат жана жогорку баа алса башка сыноолордон бошотулат.

 

IV бөлүк

Окуу-тарбиялык процессти уюштуруу

4.1.   Окуу-тарбиялык процесси педагогикалык негиздеги тандалган каражаттардын жана окутуу жана тарбиялоонун усулдарынын негизинде жүргүзүлөт. Негизги окуу сабактарынын түрлөрү окуу план-программалары менен аныкталат.  Окуу жайда сабактын төмөнкү түрлөрү белгиленген.

   -тайпалык (жалпы билим берүүчү жана теориялык предметтер)

-жекече

-факультативдик

4.2.   Окуутуунун көндүмдөрү музыкалык окуу жайы тарабынан коюлат, эне тилинде билим алууга аракетинен сырткары ыңгайлуу шарттарды түзүү.

4.3.   Окуу жылынын башталышы 1- сентябрдан тартып коюлат, окуу жылынын аягы окуу планына ылайык коюлат. Толук окуу жылы боюнча каникулдун созулушу 10 жуманы, ошону менен бирге жайкы мезгилде 8 жуманы түзөт. Жумалык жүктөм 36 педагогикалык сааттан же 48 концертмейстердик сааттан ашпашы керек.  Окуу жүктөмүнүн ченемден ашык коюлган формасына акы төлөө бөтөнчө учурларда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уруксат берилет.

Экзамендик сессиялардын мөөнөтү, каникул убагы жана созулушу, билимди текшерүүнүн формалары, практикалык окутуунун түрлөрү окуу планынын негизинде коюлат.

4.4. Окуу жумасынын созулушу окуу жайы тарабынан коюлат. Сабактардын саны жана тартиби расписание менен аныкталат. Бир окуу саатынын созулушу 45 мүнөттү түзөт.

4.5. Студенттердин педагогикалык практикалары балдар студиясында (музыкалык окуу жайындагы) жана Каракол шаарындагы мектептерде өткөрүлөт.

4.6. Окуу-тарбиялык процесске байланышпаган иштерге, ар кандай иш-чаралардын түрүнө катыштыруу менен сабактардан алагды кылууга тыюу салынат.

4.7.   Студенттердин билими, жөндөмү жана көндүмү 5(беш),

 4 (төрт), 3 (үч) деген баллдар менен бааланат.

4.8.   Баалар экзамендерде же студенттердин окуу иштерин көзөмөлдөөнүн жыйынтыгы менен окуу предметинин аягында коюлат.

4.9.   Жетишүүдөгү коюлган жыйынтык баалары менен макул болбогон студенттерге окуган предмет боюнча кайра тапшыруу укугу берилет.

4.10.  Жалпы билим берүүчү предметтердеги окуу тайпаларынын саны 15-20 кишини түзөт. Музыкалык, теориялык предметтер боюнча 4, 8, 12 кишини түзөт.

4.11. Предметтик баалоодон өтпөгөн студенттер курстан курска көчүрүлбөйт, окуу жайдын администрациясы тарабынан коюлган жоюу мөөнөтүнөн ашкандыгына байланыштуу студенттердин катарынан чыгарылат.

4.12. Тайпалардагы күндөлүк окуу — тарбялык иштерин окуу жайда класс жетекчилер жана цикл башчыларынын комиссиясы жетекчиликке алат.

 

V бөлүк                            

           Окуу жайдын башкармалыгы

 

5.1. Окуу жайдын башкармалыгы борбордук жетекчиликтин негизине ылайык жана окуу жайдын жамааты демократиялык өзүн-өзү башкаруусуна ылайык жүргүзүлөт. Окуу жайдын   студенттеринин, окуутучуларынын жана жумушчуларынын биримдигинен түзүлгөн жамаат өзүнүн максаттарын ишканалар менен (мекемелер, уюмдар, чыгармачыл жамааттар), адистердин буюртмачылары менен, коомдук уюмдар менен тыгыз биргелешкен иш алып барууда жүзөгө ашырат. Демократиялык өзүн-өзү башкармалыгы   коомдук уюмдар менен кеңири ачык-айкын демократиялык шарттарда жана окуу жайдын негизги маселелерин чечүүнү кабыл алууда, анын аткарылышын көзөмөлдөөдө, өзүн-өзү башкаруу уюмунун шайланышын жана окуу жайдын жетекчилигин тандоодо бардык жамааттын жана коомдук уюмдардын катышуусу менен жүргүзөт.

5.2.   Окуу жайдын өзүн-өзү башкаруусу менен жогорку органы болуп Педагогикалык Кенешме эсептелет. Кенешменин негизги иштеринин укугу, курамы жана нормасы окуу жайдын жамаатынын ар бир категориялык мүчөсүнүн сунуштоосу, ошондой эле иштин регламенти Кыргыз Республикасынын атайы орто билим берүү системасынын нормативдүү актыларынын негизинде окуу жайдын Уставы менен   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2004-жылдын 3-февралындагы №53 (орто кесиптик окуу жайынын системасы) бекитилген Токтомунун негизине ылайык аныкталат.

5.3.   Музыкалык окуу жайынын башкаруу ишин эрежеге ылайык окуу жайдын профилине дал келген жогорку билимдүү жана педагогикалык тажрыйбасы бар адистердин катарынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри   тарабынан дайындалган директор жүргүзөт. Окуу жайдын директору Кенешменин төрагасы болуп эсептелет.

5.4.   Окуу жайдын директору мыйзам чыгаруу органына ылайык окуу жайдын атынан иш жүргүзөт, анын мүлктөрүн жана каражаттарын тейлейт, келишим түзөт, бардык кызматкерлерге жана студенттерге тиешелүү көрсөтмөлөрдү берет.

 

5.5. Директордун милдеттери:

-студенттерди кабыл алуу планын камсыз кылуу;

адистерди чыгаруу;

-окутуучуларды, окуу-көмөкчү, административдик чарбалык кызматкерлерди туура тандоо жана пайдалануу;

-окуу план жана программалардын аткарылышын   көзөмөлдөө жана уюштуруу;

-сабактардын жана экзамендердин коюлуш ирээтин бекитүү, алардын так аткарылышын көзөмөлдөө;

-тарбиялык жана маданий массалык иштердин коюлушун текшерүү;

-окутуучулардын иштеринин сапатын текшерүү;

-окуу жайдын директорунун буйругу менен жумушка кабыл алуу жана бошотуу;

-профсоюздук комитет менен бирдикте окуу жайдын директору тарабынан дициплинардык жаза берүү;

-окутуучулардын аттестацияга даярдыгын, аттестациянын өткөрүлүшүн жетекчиликке алуу;

-окуу-тарбиясын жакшыртуу чечиминин аткарылышын (Пед.Кенешменин, өндүрүштүк кенешменин, директордун алдындагы кенешменин) текшерүү;

-стипендиялык коммиссиянын ишин жетектөө;

-кесипке багыт берүү иштерин жетектөө;

-окутуучулардын педагогикалык жүктөмүн бекитүү;

-ишканалар, уюмдар жана мекемелер менен келишим түзүү;

-эмгекти коргоо эрежелеринин жана нормаларынын аткарылышын текшерүү;

-окуу жайдын материалдык техникалык базасын чындоо жана өнүгүшүн текшерүү;

-окуу жайды аяктаган жаш адистердин персоналдык бөлүштүрүүлөрүн жетектөө;

-адистерди даярдоо сапатынын жогорулашын текшерүү;

-бекитилген тартипте акча каражаттарын колдонуу;

-окуу жайдын штаттык тизимин, окутуучулардын тарификациялык тизмесин жана структурасын бекитүү.

 

5.6. Циклдын жетекчилеринин, окутуучулардын жана башка жумушчулардын макулдугу менен мыйзам чыгарууга ылайык өзүнүн орун басарларын коет жана жумуштан бошотот.

5.7. Окуу өндүрүштүк иштер боюнча директордун орун басары окуу жайдын, окуу жана усулдук иштеринин абалына, окутуучулардын жана окуу-көмөкчү персоналдардын квалификациясын жогорулатуу иштерин уюштурууга, ошондой эле жогорку жана орто билимдүү адистердин квалификациясын жогорулатуу иштеринин коюлушуна жооп берет.

5.8. Административдик-чарбалык иштер боюнча директордун орун басарынын милдеттери:

-окуу жайдын чарбалык иштеринин абалына жооп берет жана аларды уюштурат;

-окуу корпусунун санитардык-гигиеналык абалынын тартибин көзөмөлдөйт;

-курулушка жана капиталдык жана жүрүп жаткан ремонт иштеринин жетектелишине жооп берет;

-эмгекти коргоо эрежелердин жана нормалардын аткарылышын текшерет;

-окуу жайдын студенттеринин жана жумушчуларынын турмуштук тейлөө иштеринин уюштурулушуна жооп берет.

 

Окуу жайдын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу

 локалдык актылардын тизмеги.

   Окуу жайдын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу локалдык актыларына       

    төмөнкүлөр тиешелүү:

Жамааттык келишим;

Директордун буйруктары;

Ички эмгек тартип эрежелери;

Студенттердин ички тартип эрежелери;

Кызматтык инструкциялар;

Кабыл алуу комиссиясы жөнүндө жобо;

Эмгек жамаатынын жыйыны жөнүндө жобо;

Усулдук кеңешме жөнүндө жобо;

Педагогикалык кеңешме жөнүндө жобо;

Циклдык комиссия жөнүндө жобо;

Окуу кабинети жөнүндө жобо;

Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика жөнүндө жобо;

Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы жөнүндө жобо;

Студенттик өзүн-өзү башкаруусу жөнүндө жобо;

Студенттерди которуу, калыбына келтирүү жана окуудан чыгаруу жөнүндө жобо;

Окуу жайдагы эмгекти коргоо жумуштарын уюштуруу жана окуу процессинин коопсуздугун камсыздандыруу жөнүндө жобо;

Акы төлөө кызматын көрсөтүү жөнүндө жобо;

Эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө жобо;

Эмгек акысын стимулдук фонд бөлүмүнөн төлөөнү бөлүштүрүү жөнүндө жобо;

Бюджеттен сырткаркы ишмердүүлүк жөнүндө жобо;

Студенттерди стипендия менен камсыз кылуу жана башка материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндө жобо;

Студенттерге материалдык сыйлык берүү жана материалдык жактан көмөк көрсөтүү жөнүндө жобо;

Келишпестик маселелерди чечүүчү конфликтик комиссия жөнүндө жобо.

 

VI бөлүк

Окуу жайдын иштерин пландоо жана каржылоо,

материалдык-техникалык базасы.

6.1. Окуу жай өзүнө бөлүнгөн каражаттарынын эсебинен же өздүк эсебинен керектүү жабдыктарды жана материалдык ресурстарды алууга, арендага берүүгө, ишканалар, мекемелер, уюмдар же жеке адамдар тарабынан пайдаланууга берүүгө укуктуу. Накталай жана накталай эмес эсеп менен акы төлөнүүчү жекече эмгек иштериндеги жамааттын социалдык тиричилик шарттарын жакшыртууга жардам берүү үчүн иш-чараларды өздүк каражаттын эсебинен каржылайт. Колдонууга жарабай же эскирип калган музыкалык асапаптарды жана материалдык баалулуктарды колдонуудан чыгарат.

6.2. Окуу жай материалдык техникалык базасын колдонууга жана аны толук жаңыртууга, активдүү социалдык саясатты ишке ашырууга, музыкалык окуу жайдын студенттеринин, окутуучуларынын, башка жумушчуларынын күрдөөлдүү окуусуна, эмгегине, тиричилигине жана эс алуусуна керектүү шарттар менен камсыз кылууга милдеттүү.

6.3. Окуу жай арендага берүү мыйзамынын жана башка нормативдик актыларынын негизинде келишим түзүү менен белгилүү акы төлөнүүчү арендага имаратты берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

6.4. Окуу жай Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык юридикалык статусу менен уюшулат жана жоюлат.

6.5. Каракол шаарындагы  Ы.Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жаңы редакциядагы Уставы кайрадан регистрациядан өткөн күндөн баштап буга чейинки  2021-жылдын 2-апрелинде  бекитилген Уставы юридикалык күчүн жоготот.

 Жаңы Уставдын редакциясы Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын 2022- жылдын 21-апрелинде өткөн мугалимдер Кеңешмесинде жактырылып бекитилди.

 

 

  Каракол шаарындагы

 Ыбырай Туманов атындагы               

 ММОЖ  директору                                                      К.Тилегенов